Башкы
>
Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында мобилизациялык иштерге арналган жыйын болуп өттү
07.02.2025
12
2025-жылдын 7-февралында Жалал-Абад шаарынын топтоо пунктунун базасында Жалал-Абад облусундагы аскер бөлүктөрү, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын аскер кызматкерлери жана мобилизациялык иштерге жооптуу кызмат адамдары менен жыйын өткөрүлдү.
Жыйында мобилизацияга даярдык көрүү, аскердик түзүмдөрдүн кызматкерлери жана аскер комиссариаттарынын иши боюнча маанилүү маселелер каралды. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана мобилизациялык иштерге жооптуу адамдар мобилизациянын бардык этаптарында көзөмөл жүргүзүү, аскердик ресурстарды жана кызматкерлерди даярдоо боюнча аткарыла турган чаралар жөнүндө маалымат алышты.