Башкы
>
Жаңылыктар
“Эл аралык гуманитардык укук” аталышындагы сабактар 30670 аскер бөлүгүндө өткөрүлдү
05.02.2025
10
2025-жылдын 5-февралында Коргоо министрлигинин 30670 аскер бөлүгүнүн базасында “Эл аралык гуманитардык укук” аталышындагы сабактар өткөрүлдү.
Иш-чарада Генералдык штабынын күжүрмөн даярдоо борборунун офицерлери Кызыл Крест комитетинин өкүлдөрү менен биргеликте өтүп, өздүк курамга гуманитардык укук жаатындагы негизги түшүнүктөр жана талаптар боюнча теориялык жана практикалык маалыматтарды беришти.
Сабактардын жүрүшүндө аскерлерге эл аралык гуманитардык укуктун негизги принциптери, согуш учурунда адам укуктарын коргоо, маселелери каралды.
Мындан тышкары, катышуучуларга эл аралык укуктун маанилүүлүгү, анын согуштук кырдаалдардагы ролу жана аскерлердин жоопкерчилиги жөнүндө маалыматтар берилди.